Стихи на кыргызском языке про кыргызский язык
Мирбек Атабеков «Кыргызстаным»
Кылымдардан келген,
Кыйла жоону жеңген.
Кыргыз элдин урпактарыбыз,
Азгырса да заман.
Алдаса да жаман,
Кастык кылба өз мекениңе.
Азгырса да заман.
Алдаса да жаман,
Кастык кылба өз мекениңе.
Кайырма:
Ата мекеним, ардактуу жерим,
Кылымдарга сени ырдап келемин.
Мекеним менин, кымбатым жерим.
Жүрөгүмө сени сактап келемин.
Аргасыз кетсең да,
Алыска жетсең да.
Сагынарсың ыйык мекениң,
Биримдиктүү элбиз.
Бөлүнбө себепсиз,
Кыргызмын деп коргоп намысты.
Бейиштин төрүндөй,
Берметтин өңүндөй.
Берекелүү жерим,
Кыргызстаным!
Сөзү: Токтогул Сатылганов
Обону: Б. Эгинчиев
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан, көңүлү жакшы жайдарым.
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.
Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң.
Көркөмдөп сайган жоолугуң,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен «Жаш кыял»,
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.
Жашаамал бир адамдын муңун угуп,
Жашырбай айтып берген сырын уугуп,
Жүрөгүм тилингендей тыз-тыз этип,
Жүрөмүн ичтен сызып кыңырылып.
Эмесе ошол сырды баяндайын,
Тагдырдын табышмактуу ыры кылып:
Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп,
Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп,
Черткилеп жалбырагы тереземди,
Тез эле бой тиреди ошол өрүк.
Жемиши жерге батпай төгүлгөндө,
Перзенттүү болдум, бакыт кошо келип.
Уулубуз оозангандан өрүк жечү,
Умтулуп там-туң басып, терип жечү.
Баланын тили таттуу, аттиң арман,
Өрүккө тили келбей, «өлүк» дечү.
Өнөрү жылда күчөп улам бийик,
Өйдөкү бутактарын иликтечү.
Кийимдин сатып берем жаңысынан,
Таттуунун тандап берем дагысынан.
Оюнзаак уулум бир күн тайып кетип,
Оң колу сыйрылыптыр далысынан.
Өрүккө өчөгүштүм «сениби» деп,
Бир чака бензин алдым кошунадан.
Короого камап уулум, тыйып салдым,
Кокустук уланат деп кыйыктандым.
Уулумдун убалына калабы деп,
Өрүккө жаба бензин куюп салдым.
Арбайып-тарбайып ал куураганда,
Араалап, балталадым, кыйып салдым.
Аттигиң, өрүктү не кыйып салдым?
Аябай неге бензин куюп салдым?
Аттигиң, эрке өскөн кулунумду
Эркине койбой неге кыйыктандым?
Киндиги туташ тура ал экөөнүн,
Билбепмин ыйыктыгын ыйык талдын.
Өрүктүн байкалганда куураганы,
Уулумдун күчөй берди ыйлаганы.
Бай турмуш, жай турмушту бүлүндүрүп,
Башталды тагдырымдын бурганагы.
Бир чака бензин өрттөп кеткен тура
Бир өрүк менен кошо бир баламды.
Өрүктүн байкалганда кургаганы,
Уулумдун күчөй берди кыйнаганы.
Далысы сыйрылганы тез айыгып,
Жүрөгү сыйрылганы кыйнап аны.
«Өлүгүм, өлүгүм» деп угулгансыйт
«Өрүгүм, өрүгүм» деп ыйлаганы.
Балта чаап мен өрүктүн тамырына,
Өзүмдүн балта чаапмын тамырыма.
Сырдуу күү кайрыктары угулгансыйт
Сыйпалап кол тийгизсем кабыгына.
Акыры өрүк комуз чапмай болдум,
Өзөктөн чыккан өрүк заарын уга.
Өрүктүн денесинен сулап жаткан,
Өлүктүн табытындай кулап жаткан,
Уулума эм болоор деп, дем болоор деп,
Капкагын бул комуздун курап жатсам,
Кыл тагып ичегисин күүлөгөндө,
Кулагым укмуштуу бир угат дастан.
Капкагын бул комуздун курап жатсам,
Кыл тагып, кулактарын бурап жатсам,
Кулунум баш көтөрүп жаздыгынан,
Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан.
Ошентип күлүмсүрөп кете берди
Перзентим кышкы таңда бубак баскан.
Ошентип жалгызымдан мен айрылдым,
О, арман, кышкы таңда бубак баскан.
Күү ошол бүтүп-бүтпөй чала калып,
Канатын күүлөй берет сабаланып.
Көргөндө куурап турган өрүктөрдү,
Көзүмдөн жаш куюлат салааланып.
Биз канча карагайды кыйып салдык,
Биз канча арчаларды арааладык.
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ.
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
Азирет Келдибаев
Аба жутам, дем алам атың менен.
Адамзаттан өзгөчө асыл белең?!
Бир көргөндө жүрөккө бүлүк салган,
Барпылык кыз жайдары кашын керген.
Өттү убакыт арадан нечен жылдар.
Өмүрүмдө менин да кетер жыл бар.
Марасына жашоонун бир жетсем деп,
Мен сен жакка умтулуп келем тынбай.
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ.
в сообществе обновилась фотография
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
Бек Борбиев «Ыр десте»
Сезимдер учат куш болуп,
Сагынтып көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Показать полностью.
Кусадан ыйлайт терезем.
Сунам ыр десте сагынган кезде.
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.
Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой
Ыр менен барган саламды.
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
Чубак Сатаев «Арман»
Бирге жүрдүк бир далай,
Ал күндөрүм жыргал, ай.
Азыр жоксуң жанымда,
Показать полностью.
Эңсеп жүрөк кыйнады, ай.
Бирге жүрүп кетип калдың,
Арга канча, арман, ай?
Кайырма:
Кагылайын каралдым,
Кайсы күнү жаралдың?
Жүрөгүмдү эзип кеттиң,
Эми жоксуң, кайдан табамын?
Өмүр гүлү, жан эркем,
Жаштык болот турбайбы.
Ойноп-күлгөн бул дүйнө,
Аздык болот турбайбы.
Жалындаган жаш үмүттү,
Жараткан ой ал бир келсе,
Өтпөй-кетпей турган кылбайбы.
Жалындаган жаш күндөрүн,
Кимдер гана эңсебейт?
Кайрылып ким,
Ал күндөр деп кимдер сүйүп, аны эңсебейт?
КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫ. запись закреплена
Жолдошбек Мамажанов «Сүрөтүңө»
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Показать полностью.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Слово Кыргызстана
Общенациональная газета. Основана 23 марта 1925 года.
Стихи кыргызских поэтов
Сейчас, когда во весь рост встала проблема о значении и развитии государственного и официального языков, хотелось бы, чтобы чаще печатались народные пословицы, поговорки, а также стихи кыргызских авторов.
Ведь именно в них наиболее ярко отражаются самобытность, мысли, широта и тепло души.
Джумадин КАДЫРОВ
>Сильный ветер
Сильный ветер на море. Лохматые волны,
Обгоняя друг друга, стремятся на волю.
Околдованы давней мечтою заветной —
Воспарить над землей за порывистым
ветром.
Только этой мечте не дано воплотиться,
Суждено им о берег высокий разбиться.
Ну а ветер в округе все крепче и крепче,
И деревья к нему тянут ветви навстречу,
За его рукава и за полы цепляясь,
Улететь вместе с ним в поднебесье пытаясь.
Но попытки полета для них бесполезны,
Крепко держат их корни в объятьях
железных.
Мне бы тоже хотелось за ветром
взметнуться,
Смело крылья расправить,
в облака окунуться,
Свысока посмотреть на деревья и море,
Безмятежно парить на могучем просторе.
Неужель не смогу от земли оторваться
И беспечности ветра, как птица, отдаться?!
Айгуль ЭЛЕБЕСОВА
Благодарна Богу
Непонимание людское и людская зависть,
Пустые разговоры за спиной,
«Друзья», в которых вовсе не нуждаюсь,
С их клеветою следуют за мной.
Они молчат, но будто что-то знают,
А говорят — не верю их речам.
Я их в душе совсем не понимаю
И душу им свою я не отдам.
Хоть не люблю, но зла им не желаю,
И ненавидеть их я не могу.
Мне не понять их — я совсем другая
И на другом от них я берегу.
За то, что чужды мне злословье, пошлость.
За то, что их почти жалею я.
Тебе я бесконечно благодарна, Боже,
Что до сих пор чиста душа моя.
Алтынай ТЕМИРОВА
Мне помнится детство, мой милый аил,
И я еще в плену садов и улиц.
И грустный вечер душу растворил
В воспоминаниях, что вновь
ко мне вернулись.
Ах, как бы хотелось вернуться назад!
Туда, где склон, подснежники, где вьюга
Вдруг охватила яблоневый сад,
И в зимний холод окунулась вся округа.
Аил, аил, ко мне приходишь в сны
С дождем, безмолвием и журавлиным
клином,
И с бирюзовым взглядом той весны,
Что чудится сквозь лабиринт
ладонных линий.
А жизнь безжалостно сжигает дни,
От этого огня мне никуда не деться.
Печаль моя, верни меня, верни
Туда, где навсегда осталось детство!
Анатай ОМУРКАНОВ
Если ты полюбишь меня…
Если ты полюбишь меня, о любви
Говори, не молчи об этом.
От горенья любви в крови
Крылья вырастут у поэта.
Если ты полюбишь меня, позови,
Позови меня голосом сердца.
Ароматом цветов замани,
От него никуда мне не деться.
Если ты полюбишь меня, разожги,
Разожги огонь тот бездумно.
И любовью меня обожги,
Чтоб горел я в огне том безумном.
Если ты полюбишь меня, тогда
Обо мне лишь ты будешь помнить.
И прекрасной любви звезда
Будет будущим нашим, запомни.
Если ты полюбишь меня…